7-майда Орусиянын Соль-Илецк шаарынан 541 жаран автобус менен Бишкекке келишип, “Семетей” обсервациясына жайгаштырылган. 18-майда республикалык штаб алардан кайталанып алынган анализдери таза чыкса үй карантинине жөнөтүлө турганын билдирген.
Үй карантинине чыгарылган жарандардын бири обсервациядан чыккандан кийинки көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Каарманыбыз Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну болот. Ал обсервациядан чыккандан кийин дароо эле үй-бүлөсүн көздөй сапар тарткан.
"Обсервациядан чыгарым менен эле Таласка сапар алдым. Мени менен кошо дагы 5 киши келди, алар дагы обсервациядан чыккандар. Таластын кире беришиндеги Талды-Булак айылындагы блокпосттон буга чейин тапшырган анализдеримдин жыйынтыктарын көрсөтүп, үйүмө баратканымды айттым. Ал жерден бизди милиция кызматкерлери коштоп чыгышты. Бакай-Ата районуна жеткенде милиция кызматкерлери "сизден дагы анализ алышат" деп дарыгерлерди чакырышты. "Тез жардам" кызматынын унаасы менен дарыгерлер келишип, райондук ооруканага алып жөнөштү. Жолдо баратканда мага эч нерсе айтып, түшүндүрүшкөн жок. Боо-Терек айылындагы лицейдин жатаканасына алып барышып, 5 күн жатасың деп алып калышты. Мен Республикалык инфекциялык ооруканадан берилген аныктамаларды көрсөтүп, мындан ары үй карантинде эле болосуңар дешкенин айттым. Бирок бул жактагылар эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Биздин колубузда далилибиз турса эмнеге кармап жатышат?" - дейт ал.
Айтымында, обсервацияда жатканда анализдин таза деп чыккан жыйынтыгына карабай ооруканага 50дөн ашык жаранды алып барышкан.
"Өзүм Москва шаарында мигрант болуп иштеп жүргөм. Автобус 5-майда Соль-Илецк шаарынан жолго чыгып, 7-майда Бишкекке жетти. Чек арадан өтүп жатканда текшерүүгө алышкан. Бул жакка келерибиз менен обсервацияга жайгаштырып, эртеси күнү мурдубуздан мазок алышты, жыйынтыгы 2 күндөн кийин "таза" деп чыкты. 9-майда мени менен кошуп 54 жаранга "кийимиңерди чогулткула" дешти. Биз ооруканадан үйгө чыгат экенбиз деп кийимдерибизди салып, короодо турган кичи автобуска отурдук. Бизди Бишкектеги инфекциялык ооруканага алып барышып, дагы кайталап анализ алышты. Мен ал жакка барганда дарыгерлерге биздин анализдер оорунун белгилери жок деп чыкты го, эмнеге алып келдиңер десем, "ооба, анализиңер "таза", бизде 14 күн жатып тургула, биз бул күн аралыгында силерден дагы анализ алабыз" дешти. Ооруканадан дагы ПЦР-анализ алышып, 2 күндөн кийин жыйынтыгы илдеттин жок экенин тастыктады. Бирок бизди 11 күн бою бейтапканада кармашып, дене табыбызды, кан басымыбызда ченеп, дем алуубузду текшерип жатышты. 11 күндөн кийин 55 кишинин ичинен 24 жаранды ооруканадан чыгармакчы болушуп, такси дайындай бергиле дешти. Дарыгерлердин уруксаты менен такси дайындап, ооруканадан чыктык.
Бизге оорудуңар деп эч ким айткан жок. Бирок социалдык тармактан Соль-Илецктен келгендерден илдет аныкталды дегенди окудук. Эгер биз коронавирус менен ооруган болсок, жолдо келе жатканда эле илдеттин белгилери байкалып, бул жактан текшергенде аныкталмак да", - деп кошумчалайт ал.
Каарманыбыз "обсервациядан чыккандан кийин аймактарга баргандарды кайра текшерүүгө алып, обочолонгон шартта кармоо канчалык туура, бул министрликтин алгоритминде көрсөтүлгөнбү?" дейт.
Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендер обсервациядан чыгарылып, анын ичинен 51 жаран 18-майда Талас облусуна кетишти. Облуска кайткан жарандар Талды-Булак постунан обсервацияга алынганы айтылган.