Бүгүн Жогорку Кеңеште өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыктар каралат. Журналисттер киргизилбейт

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңеште өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыктар каралат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга саат 15:00гө чогулат. Жыйынга журналисттер киргизилбейт. Бирок жыйын түз эфирден берилет.

Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Президент тиешелүү жарлыктарга кол коюлуп, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан