"Ухан вирусу": Дүйнөдө ооругандардын саны 38 миллиондон ашты

Бүгүн, 14-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 38 миллион 41 миң 143 болду. Анын ичинен 26 миллион 388 миң 633 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 84 миң 888 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 854 миң 917 адамдан коронавирус аныкталды. 215 миң 861 адам каза болсо, 3 миллион 124 миң 593 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 175 миң 880 адамдан аныкталды. 109 миң 856 адам каза болсо, 6 миллион 227 миң 295 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 103 миң 408 адам вируска кабылган. 150 миң 689 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан