"Спутник V" вакцинасын алган аял үч күндөн кийин каза болду. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө

Коронавирус инфекциясына каршы Орусиянын "Спутник V" вакцинасын алган аял каза болду. Учурда ага соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатканын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча эмдөөнүн терс көрүнүштөрү такталууда.

"Каза болгон жаран 19-июль күнү саат 08:30да №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунан "Спутник V" вакцинасын алган, ал эми 22-июль күнү каза болгон. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин дагы кошумча маалымат берилет", - деди Жалалидин Рахматуллаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
sainazarov0555
2021-07-23 11:59:11
Каап жаман иш болуптур, эми адамдар аны угушуп прививка алышпайт.
+9
Belek1710
2021-07-23 12:05:51
Оорусун текшербей туруп эле сайып салса керек да, ооруп жаткан адамга берилбейт го өзү
+5
Datka7777
2021-07-23 14:48:29
Мигранттарга Спутник V сайбайт башкасын сайыщат
0
daniel87
2021-07-25 13:10:50
Datka7777,мен да мигрантмын ишке келип айтышты оруска , кыргызга баарына спутник 5ти сайып кетишти.денсоолукту бекемдегиле , ковид жылдар бою курошо турган оор инфекциалык оору экен
+1
amirrus
2021-07-23 14:50:09
Биз алдык аттай эле чуркап журобуз, карангы болбой алгыла туугандар вакцина
-1
nura74
2021-07-24 03:41:46
Мына...алгыла вакцина!
Оорубай этпей эле,отпускада журуп Ыссык-Колдон дем алып,ойноп кулуп жургон,жаркылдаган кызыбыз вакцинадан кетти.Жумушунан албасан болбойт,алыш керек,албай келбе жумушка деп алдыртып 3-куну кыздан айрылдык.
-1
daniel87
2021-07-25 13:08:56
nura74,иштейм дегендер алгыла деди , иштебейм дегендер озунор билгиле , зордомой жок деди , эки жолу качып чыктым , эки жолу директорум жетелеп кирип алдым, 2 кун ооруп кароновирустай симптомдору , айта кетейин баары оорушту. Биз дагы Ошол спутник 5 алдык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан