Бүгүн, 22-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берип жатат.
Азыркы учурда коронавирус жуктурган адамдар менен иштеген дарыгерлер 7 күнгө нөөмөт менен иштеп жаткандыгын айтты.
"Биздин кызматкерлердин иштөө тартиби иштелип чыккан. Анда кызматкерлер 7 күн өздөрүнүн нөөмөтү менен иштейт. Андан соң алар карантинге алынып, уктап, иммунитетин көтөрүп, эс алып келишүүдө. Ал учурда башка кызматкерлер кайра нөөмөткө келет", - деп билдирди ал.