Нарын облусунда коронавирус илдети боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу жана алдын алуу иштерин аткаруу максатында Нарын облусунун аймагына кирүүчү жолдорго санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп, иштеп жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ар бир постто Нарын облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик администрациясынын, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана медициналык кызматкерлер күнү-түнү өткөрүү пункттарында коронавирус илдетинин кирүүсүнө жана жайылуусуна бөгөт коюу үчүн коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барышууда.
Өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу Нарын облусунун аймагына жарандардын жана автоунаалардын кирүүсүнө жана чыгуусуна чектөөлөр коюлду. Ал эми облустун аймагынан кирип, чыгууга зарыл болгон учурларда гана уруксат берилип жатат. Мисалы: азык-түлүк товарларын жана дары-дармек каражаттарын алып келүүдө, туугандарынын каза болуу учурларында уруксат берилет жана жарандардын жанында аты-жөнүн тастыктаган документтер болуусу шарт.