Узап кеткен суткада республиканын медициналык жайларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы үчөө каза болду. Республикалык штаб көз жумгандар коронавируска каршы эмдөө албагандыгын маалымдайт.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы катталган күндөн тарта жалпы 2 миң 686 адам каза болду.