1. КОРОНАВИРУС ДЕГЕН БУЛ ЭМНЕ?
Коронавирустар - бул латын тилинде Coronaviridae деп аталып, кыргыз тилине которгондо "таажы сымал вирустар" десек болот. Вирустун түзүлүшү таажыга окшош. Коронавирус биринчи жолу тээ 1965-жылы ринит оорусу өтүшүп кеткен адамда аныкталган.
2019-nCoV - бул жогорудагы коронавирустардын түркүмүнө кирет жана аталган аталыш Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму тарабынан белгиленген.
2. БААРЫ КАНТИП БАШТАЛДЫ?
Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Хубэй провинциясына караштуу Ухан шаарында сасык тумоого эле чалдыгып калгандай ооругандар каттала башталган. 31-декабрда кытай медиктери 44 бейтаптын симптомдору бирдей экенин, анын 11инин абалы оор экенин айтышкан. Бирок оорунун козгоочусу белгисиз болуп, бул аралыкта сырдуу тумоого чалдыккандардын саны көбөйө берген. Ал эми бул оорунун биринчи өлүмү 9-январда катталган.
Коронавирустар түркүмүнө кирген вирус экенин аныктоо кечеңдегендиги - бул аталган вирустар адамдарга эмес, көбүнчө жаныбарларга жугары да болгон. Анткен менен кытай медиктери өтө кыска убакыттын ичинде вирусту аныкташканы баса белгиленүүдө. Адатта вирусту аныктоо буга чейин 1 жылга чейин убакытты алып келген. Ал эми кайсы жерден баштап тарагандыгы тууралуу Ухан шаарындагы балык базары деген версия учурда чындыкка жакын болуп жатат. Ооруга чалдыккандардын алгачкылары ошол базардын тынбай барып турган кардарлары же ошол базарда иштеген сатуучулары болуп чыккан. Вирустун кайдан келип чыкканы тууралуу расмий маалымат дале коомчулукка айтыла элек. Божомол иретинде жарганат менен жылан деген версиялар бар.
3. ООРУГА КАРШЫ КЫТАЙДА КАНДАЙ КҮРӨШ ЖҮРҮП ЖАТАТ?
22-январь күнү 11 миллиондон ашуун калкы бар Ухан шаарынан чыгууга тыюу салынып, андагы аэропорттор жана темир жол станциялары жабылды. Коомдук транспорттун да жүрүшү токтотулган. Шаардын тургундарына маска кийүү жана эл топтолгон жерлерден алыс болуу кеңештери берилген. Ушул сыяктуу эле чаралар Ухан шаарына жакын жайгашкан башка шаарларда да көрүлө баштаган. Жалпы Хубей провинциясында жашаган калктын саны 60 миллион кишиден жогору.
4. КЫТАЙДАН БАШКА ДАГЫ КАЙСЫ ӨЛКӨЛӨРДӨ ООРУ КАТТАЛУУДА?
АКШ, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Сингапур, Вьетнам, Австралия, Франция, Малайзия, Непалда катталды. Аталган өлкөлөрдө катталган оорулуулардын баары Ухан шаарынан келгендер болуп чыккан. Кытай менен аба каттамдары аркылуу байланышы бар өлкөлөр аэропортто керектүү текшерүүлөрдү киргизишкен. Кыргыз өлкөсү дагы бул абалга карата чара көрө башташты.
5. ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ КАНДАЙ ЖАНА АЛ ДАРЫЛАНАБЫ?
Аталган оору куу келери дал ушунда, анын белгилери кадыреседей эле. Кимдир-бирөөнүн дене табы жогоруласа, кайсы бирине дем жетпегендей болуп, жөтөлүп, тамак оору сыяктуу болуп сезилет. Мындайча айтканда, дарттын биринчи белгисинде ал ОРВИге (курч респиратордук вирустук инфекция) же кадимки эле сасык тумоого окшош болушу мүмкүн. Башында адамдан адамга жукпайт деп жатышкан, бирок 20-январда ооруга чалдыккан адамга жакындасаңыз, жугуп калышы ыктымал экендиги аныкталды. Ушул күнгө карата коронавируска багытталган атайын дарылануу жок. Учурда вакцина иштелип чыгууда.
6. КАНТИП ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ КЕРЕК?
Саламаттыкты сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмунан төмөндөгүдөй кеңештерин берет:
- Колду тез-тез самындап жууп туруу же антисептикалык каражаттар менен колду тазалап туруу;
- Этти, жумуртканы колдонуудан мурун жууп, көп убакытка чейин кайнатуу;
- Жаныбарларды кармоодо, мал азыктарын жегенде этияттык кылуу;
- Жөтөлүү жана чүчкүрүүдө мурунду бет арчы менен жабуу, жөтөлгөн жана чүчкүргөн адамдардан алыс болуу.
26-январга карата коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 2 миңден ашты, ал эми каза болгон кишилердин саны 56ны түзөт.
Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.