УКМК: "Жалган маалымат тараткан кезектеги адам кармалды"

"Жалган маалымат тараткан кезектеги адам кармалды", - деп бүгүн, 24-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-мартта УКМК жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 1968-жылы туулган Кыргыз жараны, Нарын облусунун Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Т.И. кармалды. "Т.И. социалдык тармактар аркылуу коронавирус боюнча жалган маалыматтарды тараткан. Ал текшербестен, жалган маалыматка ишенип, аны тараткандыгын мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурады. Анын ишине юридикалык баа берилет. УКМК коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда", - деп жазылат маалыматта.

Жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dani
2020-03-24 15:20:12
Камап койгулачы ушундай ХХХХ,ошол жакта корот жалган айкан кандай экенин жалпы Эл суранабыз
+1
Abdizhapar
2020-03-24 15:20:35
Мындай келген маалыматты баары эле таратып жатат андан коро кыйын болсонор масканы кымбат саткандарга чара корбойсунорбу
+6
Samatalibei
2020-03-24 18:27:39
Abdizhapar, масканын баары лалафодо
0
Baro
2020-03-24 15:30:48
Корона вируска ото конул буралы туугандар
+3
Alina1984
2020-03-24 19:19:47
Адамдын нервин бузуп ушундай оорулуулар кобойду,ансыз да коркуп сактанып жакшы кабар болсо экен деген сайын,катыны деле эркеги деле жинди болуп калышкан,бироону катуу жазалап коюш керек эле анан калганы жалган маалымат таратпай калмак,адамды куйгузуп чет жакка чыгып жугузуп келгендери аз келгенсип,мындай оорулуулар четтен чыкты го
+1
Farra16gsin
2020-03-24 22:28:48
Супер инфо силер эмнеге Т.И деп атын көзүн жашырасыңар эмнеден коркосуңар тескерисинче ушундайларды ачык айтсаңар бираз да болсо кылмыштуулук токтойт беле деймда урук тууган достору окушса мисалы силер жашырган адамды ала-тоо 24 төн ачык эле көрсөтүп ататко кечирим сурагагынан бери силердики уят ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат дегендей.
+1
admin_portal
2020-03-25 14:19:25
Farra16gsin, Саламатсызбы! Бул тууралуу мыйзамда бар.
Жазыксыздык жоромолуна ылайык жана соттун чечими чыкканга чейин кайсы бир кылмышка шектелген адамдын аты-жөнүн жана сүрөтүн жарыялоого болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан