Ысык-Көл облусунда үймө үй кыдырууда 2 жарым миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Ысык-Көл облусу боюнча үймө үй кыдырууда 2 миң 621 адамдан коронавирус жана пневмония оорусуна чалдыккандар аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ысык-Көл облусунда 18-июлдан 29-августка чейин үймө үй кыдыруунун жыйынтыгында коронавирус менен пневмонияга чалдыккан 2621 адам аныкталды. Бардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Облустук ыкчам штабынын маалыматына ылайык, дарыгерлер жалпы 112 миң 500 короону кыдырып, 514 миң 541 адам текшерүүдөн өткөн", - деп билдиришти министрликтен.
Ысык-Көл облусунда жалпы 3 миң 729 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
raiana53
2020-09-01 23:45:46
Аии ооругандардын баарыле колдо жатышканго
0
engel
2020-09-02 00:09:24
raiana53, колдо эле эмес демек ооругандар арабызда толтвра просто больницага барбай журушот. Кыргыз олоордо гана барат
+3
Adil18
2020-09-02 01:43:17
Эмне учун СПИД,Кургак учук (туберкулез) ооруларын эл аралап текшербейсинер?
Ушул багыт боюнча иш алып бврган адистерге тиешелуу!
Убакыттын отушу менен ушул 2 оору менен миллиондогон адамдардын омурун алып кетет го
+2
nazi25
2020-09-02 07:52:04
Adil18,гепатиттер да өтө көп.Аларга же мамлекет тарабынан кароо жок.
0
Bars88
2020-09-02 06:59:47
Кыдырып 2500 адамдан таапсынар.Канча кишиге жуктурдунар кайра.Оору кучоп атканда оруп атам жардам бергиле дегенде каякта эленер
0
airada
2020-09-02 11:11:10
Мен болсо сүйүнүп жатканмын КРда вирус азайды деп көрсө докторго барбай жүрүшкөн турбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан