Токио шаардык губернаторунун кызмат ордуна талапкер шайлоодо жеңишке жетсе, олимпиаданы жокко чыгарууга убада берди

Япониянын "Рива Шинсен Гуми" либералдык партиясынын лидери, Токио шаардык губернаторуна талапкер Таро Ямамото эгерде шайлоодо жеңишке жетсе, эмдиги жылы өтө турган "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарын токтотууга убада берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-июнда брифингде айткан.

"Мен Токионун губернаторлугуна талапкер болууну чечтим. Менин шайлоо программамдын биринчи пункту Токиодо өтө турчу XXXII жайкы олимпиада оюндарын жокко чыгаруу. Дүйнөдө коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалды эске алганда, кийинки жылы олимпиаданы өткөрүү мүмкүн эмес. Эгер шайлоодо жеңишке жетсем, олимпиаданы жокко чыгарууну талап кылам", - деген Ямамото.

Токионун губернаторун шайлоо 5-июлда өтөт.

Эскерте кетсек, быйыл Токиодо өтүүчү олимпиада оюндары коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүү пландалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан