Коронавирус пандемиясынан улам 25-март күнү Кыргыз өлкөсүнө киргизилчү өзгөчө абал режиминдеги айрым жагдайлар боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат берди.
Кыргыздын сөөктү жерге берүү салты боюнча ал: "Колдон келишинче абалды туура түшүнүп, элди азыраак чогултууга аракет кылышса, биз да алардын абалын түшүнүп шарт түзүп бергенге аракет кылабыз", - деди.