Финансы министри: "2020-жылга карата жалпы республикалык бюджеттин кирешеси 132 миллиард 9 миллион сомду түзөт"

2020-жылга карата жалпы республикалык бюджеттин кирешеси 132 миллиард 9 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

"Буга байланыштуу 2020-жылдагы бекитилген бюджет 30 миллиард 8 миллион сомго же 18,8 пайызга төмөндөйт. Быйылкы жылга карата республикалык бюджеттин чыгашасынын жалпы көлөмү 161 миллиард 3 миллион сом же ички дүң өнүм 27,7 пайыз болору белгиленүүдө. Тагыраагы, бекитилген бюджетке караганыбызда 10 миллиард 3 миллион сомго кыскарып, дефицит 28 миллиард 4 миллион сомду түзөт", - деди Бактыгүл Жеенбаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан