Бразилияда омикрон штаммынан бир адам каза болду

Бразилияда COVID-19 илдетине каршы вакцинанын үч дозасы менен эмделген бейтап коронавирустун омикрон штаммынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

COVID-19 вирусунун омикрон штаммынан биринчи өлүм Гояс штатынын Апересида-ди- Гояния шаарында катталган.

Каза болгон жаран 68 жашта. Ал буга чейин өпкөнүн өнөкөт оорусу менен жабыркап келген. Басылмада анын кандай вакцина менен эмделгени айтылган эмес.

Белгилей кетсек, коронавирустун омикрон штаммынан биринчи өлүм АКШда 2021-жылдын 21-декабрында катталган. Ал Техастын 51 жаштагы тургуну болгон жана мурда эмдөөдөн өткөн эмес.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан омикрон деп белгиленген коронавирустун жаңы штаммы 2021-жылдын ноябрында Африканын түштүгүндө аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан