Республика боюнча коронавирус илдети 325 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, илдет аныкталгандар адаттагыдай эле Бишкек шаарында көп катталды. Анда:
Бишкек шаары – 262;
Ош шаары – 8;
Чүй облусу – 19;
Ош облусу – 8;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 18;
Жалал-Абад облусу – 1.
Жалпы өлкөдө 102 миң 511 адамдан илдет аныкталган.