Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара кызматташуу жана тараптардын калкты COVID-19дан сактоо боюнча кабыл алган чаралары, ошондой эле мындан ары кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.
Муну менен катар эки өлкөнүн өкмөт башчылары өзгөчө абал шартында Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташууну камсыз кылуу маселеси талкууланып, дагы бир жолу өлкөлөр ортосунда товарды эркин ташуу үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.