Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 56 адам болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, COVID-19 вирусун жаңы жуктуруп алган жаран чет мамлекеттен келген адам менен байланышта болгон.
Бүгүн, 25-марттан тарта Өзбекстанда көчөдө бет капсыз жүрүүгө тыюу салынды. Бул жакта коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам 15-мартта катталган.