Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 137 миллион 282 миң 928 сом каражат түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул 8-майга карата көрсөткүч.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу эки эсеп иштеп жатканын билдирген. Биринчиси Саламаттыкты сактоо министрлигине, экинчиси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жардамдар түшөт. Ал жерден түзүлгөн комиссия каражаттарды бөлүштүрөт.