Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирусту алдын алуу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу өкмөт маалымат берүүдө.
Анда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кытай жарандары үчүнчү өлкөлөр тарабынан кирип жатканын айтты. "Кытай жарандары үчүнчү мамлекеттер тарабынан Дубай, Москва жана Стамбул шаары аркылуу өлкөгө кирип жатышат. Учурда Кыргыз-Кытай чек арасы жабык", - дейт Өмүрбекова.
Чек ара кызматынын өкүлүнүн айтымында, бир күндүк маалымат боюнча, кечээ күнү 24 сааттын ичинде Кытай мамлекетинен 17, Япониядан 1, Түштүк Кореядан 17 киши келген.