Бүгүн, 25-мартта өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында жана айрым аймактарда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу элге кайрылуу жасады.
Өз кайрылуусунда өлкө башчы сыноону бекем тартип менен гана жеңсе болорун белгилеп өттү.
"Коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербөө үчүн өлкөнүн бүткүл аймагына 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режимин киргиздик. Бирок эрежелерди бузган, тартипти сактабаган учурлар катталууда. Коронавирусту жайылтпоо үчүн мындан да катуу чараларды кабыл алуу зарылдыгы жаралды. Ошондуктан конституциялык укугума таянып, Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларына жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койдум", - деген мамлекет башчы.
Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков илдеттин мындан ары жайылып кетүүсүн болтурбоо максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик бардык милдеттерди аткарып жаткандыгын жана дарыгерлер менен чек ара жана милиция кызматкерлери күнү-түнү иштеп жатканына токтолгон.
"Чоң сыноо келген күндөрү тартипти сактоо - ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Өзүңдүн гана эмес, мекендештериңдин, балдарыңдын ден соолугу, өмүрү, келечеги үчүн, жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жоопкерчилик", - деди ал өз кайрылуусунда.
Ошондой эле Жээнбеков ишкерлерге эл алдындагы атуулдук вазийпасын аткарчу мезгил келгенин айтты. Экономикалык оор абалда өкмөт кичи жана орто бизнестин өзгөчө шартта иштөө алгоритмин иштеп чыгарына токтолгон. Ал эми саясий, мамлекеттик ишмерлерди, массалык маалымат каражаттарын, жарандык активисттерди сөзгө абдан аяр мамиле кылууга чакырган.
"Элибиздин биримдиги, бекем тартиби менен бул сыноону да жеңебиз!" - деген сөзүнүн аягында өлкө башчы.