Бүгүн, 24-ноябрга карата өлкө боюнча коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын жалпы саны 70 миң 366 болду. Анын ичинен бүгүнкү күндө 2 миң 948 бейтап медициналык жайларда дарыланууда. Республикалык штабдан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат таратты, ага ылайык:
* 64 бейтап (2,1%) - канаттандыраарлык абалда;
* 1 миң 937 бейтап (65,7%) - орто оордукта;
* 800 бейтап (27,1%) - оор абалда;
* 147 бейтап (4,9%) - өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда 3 миң 829 бейтап жатат.
Республика боюнча илдеттен сакайгандардын саны 61 миң 593 болсо, тилекке каршы, каза болгондордун саны 1 миң 241ге жетти.