"Бардык шарттар каралат". Ошто жумушсуз жүргөн медицина кызматкерлери жумушка алынат

Кандайдыр бир себептер менен Ош облусунда жумушсуз жүргөн медицина кызматкерлери жумушка алынат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн брифинг учурунда айтты.

"Бүгүнкү күндө Ош облусунда абал көзөмөлдө. Күндүзгү стационарлар көбүнчө медицина мекемелеринде ачылып жаткандыктан, ал жакта медкызматкер 90 пайыз жетиштүү иштеп жатат. Бирок биз буга карабастан, кандайдыр бир себептерден улам иштебей жүргөн медицина кызматкерлерин ишке чакырабыз. Ыктыярчы медиктерге эмгек акы төлөнөт жана бардык шарттар каралат”, - деп билдирди Жылкыбаев.

Анын айтымында, азыркы учурда жеке коргонуучу каражаттар, кычкылтек концентраттары, бет кап, респираторлордун камы көрүлгөн. Ыйгарым укуктуу өкүл ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткан демөөрчүлөргө жана Москва шаарындагы мекендештердин колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан