Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев өлкө аймагына киргизилген өзгөчө абал режимине байланыштуу суроолорго жооп берүүдө.
"Жазында айыл чарба жумуштары башталып, азык-дан уруктарды кайдан алуу тууралуу маселе жаралууда. Учурда буларды саткан базарлар баары жабык. Бирок бул маселени онлайн буюртма кылып алдырса болот. Азыр интернетте толтура жарыялар бар, айыл чарба товарларын саткан. Ошол жактан буюртма менен алган туура. Албетте, бул жаатта маселени чечүү аракетин көрүп жатабыз. Ал эми азыктарды шаар ичинде ташуу, башта айтып өткөндөй тиешелүү документтер болсо маселе жаралбайт", - дейт Асрандиев.