Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы жана пневмониядан жабыркаган бейтаптарды дарылоо үчүн убактылуу ачылган госпиталь жабылат. Тагыраак айтканда, борбор калаадагы Интергельпо медициналык жайы эртең, 29-июлда жабылат. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган медициналык жайда 59 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен айрымдары башка ооруканаларга которулса, айрымдары үйлөрүнө жиберилет. Оор абалдагы бейтаптар жок.
Госпиталга жалпы 968 бейтап кайрылып, анын 874ү айыкса, 35и каза болгон.