"Таң атпай батирдин ээси балдарыбыз менен кууп чыкты" деген келин боюнча үйдүн ээси түшүндүрмө берди

Бүгүн эртең менен Айгерим Иманалиева аттуу интернет колдонуучу "батирдин акчасын төлөй албай калып, үйдүн ээсине карантинге карабай көчөгө чыгарып салды" деген видеосун жүктөгөн.

Көп өтпөй ал жашаган батирдин кожоюну делген аялдын видеосу интернетке тарады. Видеодо сүйлөп жаткан аял аларды сүйлөшүлгөндөн көп адам батирге кирип жашагандыгына жана үйүндө ызы-чуу салышкандыгына байланыштуу чыгарганын айтып берет.

"Башында ал келин 2 балам жана сиңдим менен жашайм деп айткан. Бирок кийинчерээк апасы, дагы бир сиңдиси келип кошулду. Мурда күйөөм жок деген болчу, 2 күн мурун күйөөсү келди. Көпчүлүк болуп жашап жатышты. Кечээ түштөн кийин ызы-чуу болуп чыгышты, апасы, сиңдилери ызылдап эле калышты. Күйөөм чыкса, бизди сабап, телевизорду талкалашты деп айтышыптыр. Ошол үчүн мен айттым, ызы-чуунун кереги жок, баргыла дедим", - дейт үйдүн ээси.

Ал күйөөсү 74 жашта, өзү 67 жашта экенин кошумчалап, бул куракта бизге ызы-чуунун кереги жок деп кошумчалаган.

"Таң атпай батирдин ээси кууп чыкты" деген келинге жооп беришти
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aza84
2020-04-10 20:06:06
Бул хозяканыкы деле туура
+13
Elina9695
2020-04-10 20:31:17
Ой бул эжени тааныйм
0
Adi010891
2020-04-10 20:36:58
Elina9695,таанысаныз сырын билсениз керек
+7
Ozon
2020-04-10 21:27:53
Кыргыздар кызык элдиз да, арабызда апендинин урпактары коп белем? Ал айтса аныкын туура дейбиз, бул айтса мунукун да туура дейбиз.

Журналисттер ушунча интервью алыпсынар, бул хозяйка мамлекетке киреше салыгын толойт бекен батир кармаганы учун, толосо квитанциялары бар бекен, бир ооз сурап койбодунарбы?!!

Менимче бул хозяйка катын калп айтып жаткандай. Эмне болгондо да бул кылганы туура эмес!
-8
katerina.li
2020-04-10 22:50:34
Ozon,озон, коп озондобо
+3
Ozon
2020-04-11 08:49:07
katerina.li, оозуна кирип жатабы эмне?!!
0
Bekish-
2020-04-10 20:47:06
Хозяйка прав да. Балким ал деле квартирадан түшкөн акчага муктаж болуп жаткандыр
+8
pat12
2020-04-10 21:02:47
Мен билгем бул батирчи аялдын жалган, ушак айтып жатканын. Бул батирчи аял Өзү жөн кетпей, бирөөнү кошо сууга чөктүрө кетейин деген да. Мындай аразма адамдар толтура. Жөн жүргөн апаны бирөөлөргө жаман көргөзүп.
+4
aizbek
2020-04-11 14:24:11
Жакшына жашаса эженин иш болмок беле,жон кетпей нааразы болуп жамандап кеткенин,уят
+1
Ernees
2020-04-11 18:13:02
А куу чоолор эки карыган кишини уят кылалы деп озулору уят болду окшойт...
0
guli-1980
2020-04-11 18:28:37
Москвадагы квартирадан да ашып тушуптур го. Тынч отурбаса кубалайт да анан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан