Коңшу Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны өстү. Учурда 109 адам жабыркап жатат

Казакстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны бүгүн, 26-мартта кескин түрдө өстү. Саат 16:30га алынган маалыматка ылайык, аталган өлкөдө дагы 12 адам коронавирус менен жабыркап жатканы белгилүү болду. Мындан 4 жарым саат мурда вируска чалдыккандар 97 болсо, учурда 109га жетти.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, вирусту жуктуруп алгандардын алтоосу Нур-Султан, алтоосу Алматы шаарларында катталды.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов коронавирустун күч алуу мезгили апрель айынын башында болот деген божомолун айтат.

Учурда Казакстанда 109 адам жабыркап, 2 адам айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан