Өлкөдө коронавирус инфекциясын экинчи ирет жуктуруп алгандар бар

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясын кайрадан жуктуруп алган учурлар жок эмес. Экинчи ирет илдет аныкталып жаткан бейтаптарда 90 күнгө чейин сакталган антителалар болушу мүмкүн. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирген.

“Бишкек шаарында оорудан айыгып чыккандардын арасынан 7 кишиде коронавирустун белгилери экинчи жолу байкалганы катталган. Биз азырынча 90 күнгө чейин сакталуучу вирустун кайрадан чыгуусу жөнүндө айта алабыз. Бул көрүнүштөр организмде бөлүнүп чыккан антителалар болгондо мүмкүн. Ошондой эле бул жетишсиз реабилитациялоонун кесепеттери болушу мүмкүн, алар так лабораториялык изилдөөдөн өтүшү керек", - деген ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulipa
2020-10-21 07:50:11
Мурунку ооругандагысы жасалма болушу мүмкүн,жок ооруну бар кылып биринчи оору башталганда,калп эле оору жасагансыңар.Ал эми жайкы сезондо чындап оору чыгып калганда,ооруп барганды да үйүңдө жат деп жанталаштыңар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан