26-март салыштырмалуу тынч өттү.
Мамлекеттин өзгөчө абал жарыяланган аймактары биринчи түндү өткөрүштү. Эскертүүлөргө карабай эреже бузгандыгы үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 320 жаран жеткирилди. Эң көп эреже бузгандар Бишкек шаарында катталган.
Кыргыз өлкөсүндө 26-март саат 15:00гө карата коронавирус жаңы жуктуруп алгандар жок. Ооругандардын жалпы саны - 44.
Коронавирус аныкталган алты адам жандандыруу бөлүмүнө которулду.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.