Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште Азия өнүктүрүү банкы менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы каржы келишимин ратификациялоо маселеси каралды. Анда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 20 миллион доллар бөлүнгөнүн, анын 10 миллион доллары гранттык каражат болсо, 10 миллион доллары насыя экенин билдирди.
Жыйында депутат Акылбек Жапаров мындай каражатка жаңы бейтапканаларды куруп койсо болмок деди.
"Бир канча күндөн бери коронавирус менен ооругандардын саны жогорку көрсөткүчкө жетти. Биздин медицина алсыз экенин көрүп турабыз. 20 миллион долларга 20 оорукана курганга мүмкүн болчу. Эмнеге сиздер жаңы бейтапкана курууну сунуштабай жатасыздар?", - деди ал.
Мадамин Каратаев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги 8 оорукана курууну сунуштап, учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү Каржы министрлиги жүргүзүп жатат деп жооп берди.
Акылбек Жапаров мындай жоопко канааттанбай: "Мен сизге кайрылып жатам, а сиз Каржы министрлигине шылтап жатасыз. Сиздер күнүмдүк иштер менен алагды болуп, каражаттарды кайда жумшоо боюнча ар кимдин сунуштарын угуп отурасыздар", - деди.