Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Бул боюнча 21-марттагы кабарлардын ток этерин эле окугуңуз келсе...

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14 жаранга жетти. Алардын алтоо аялдар, сегизи эркектер. 21-мартка карата аталган илдетке чалдыккандар адегенде 12 адам, кийин 14 адам болуп көбөйдү.

Коронавирус жуктуруп алганы жаңы аныкталгандар Сузак районунун, Баткен районунун жана Бишкек шаарынын тургундары. Сузак районунан 5, Баткен районунан 1 деп айтылган тургундардын жашы 45тен 70 жашка чейин. Алардын баары кичи ажылыкка барып келгендер. Ал эми Бишкек шаарындагы коронавирус менен жабыркаган 2 жарандын бири Франциядан келсе, экинчиси кичи ажылыктан келген. Алар 1996-жылкы жана 1994-жылкы эркектер.

Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кыргыз өлкөсүнө 22-марттан тартып 1 айга өзгөчө кырдаал киргизилди. Өзгөчө кырдаал тууралуу кенен маалымат алгыңыз келсе, ушул шилтемени басып өтүп окуй аласыз. Өлкөдө бардык азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар иштей берет.

18-марттагы кабарлардын ток этерин эле окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.

19-марттагы кабарлардын ток этерин эле окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.

20-марттагы кабарлардын ток этерин эле окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан