Вьетнамда коронавирусту элестеткен бургер жасалып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп жаткандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
Бургер сыртынан коронавирусту элестетет. Аны жеген адамдын курсагы гана тойбостон, психологиялык жактан да эрк берет. "Биздин элде эмнеден корксоң, дал ошол нерсени же деп айтышат. Бүгүнкү кырдаал дал ошондой болуп жатат. Вирустан коркуп жатсаңыз, коронавирустун формасындагы гамбургерди жеп, бул вируска болгон коркунучтан арылыңыз", - деп коронабургердин автору билдирген.