Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине эки айда 132 миллион сом компенсация төлөндү

Бүгүн, 16-июнда өкмөттүн алдындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева онлайн маалымат жыйынын берди.

Жыйында медициналык кызматкерлерге фонддон төлөнүп берилген компенсациялар тууралуу айтылды.

"Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүгө тартылган медициналык кызматкерге компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүгө ММК фондунун бюджетинен апрель жана май айлары үчүн 132 миллион 300 миң сом акча каражаты сарпталды. Эки айда компенсация 13 миң 40 медицина кызматкерине төлөнүп берилди", - деди Клара Өскөмбаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Liliia
2020-06-16 16:34:51
а эмнеге айылда иштеген врач медиктердин айлыгынан 2000-3000 сомдон кармап калып атасыңар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан