Бүгүндөн баштап Испаниянын "Барселона" клубу толук курамда машыгууларын баштайт. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматынан билдирүү жасашты.
Ага ылайык, машыгуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:30да башталат. Машыгуу учурунда бардык коопсуздук чаралары сакталат. Мисалы, футболчулар базага чейин атайын жабдыктар менен келишет. Машыгуу бүткөндөн кийин, футболчулар чечинүүчү жайга кирбестен, дароо үйлөрүнө кетишет. Буга чейин клубдун футболчуларынын бардыгы коронавируска каршы тесттен өткөн жана эч кимисинен оорунун белгилери аныкталган эмес.
Азыркы учурда Ла Лига (Испания чемпиондугунун Жогорку Лигасы) жетекчилиги Испания өкмөтүнүн чемпиондукту жандандыруу чечимин күтүп жатат.