Орусияда иштеген кыргыз медкызматкерлери Бишкекке келишет. Алар шаардагы кесиптештерине көмөктөшөт

Бишкектеги эпидемиологиялык абалга байланыштуу медициналык кызматкерлер жетишсиз болууда. Мындан улам ыктыярчы медкызматкерлерди ишке тартуу зарылдыгы келип чыкты. Жакынкы күндөрү Орусияда иштеген кыргыз дарыгерлери борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүү үчүн келишет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Азыркы учурда Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан 70ке жакын ыктыярчы дарыгер жана медайымдар келишти. Муну менен катар Орусияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардам берерин билдиришти. Жакынкы күндөрү алар учак менен өлкөгө алып келинет. Тобокелдикке карабастан, ак халатчандарыбыз ыктыярдуу түрдө көмөк көрсөтүп жатышат. Бейтаптардын жана оор шарттарда иштеген медицина кызматкерлеринин тамак-ашына жооптуу жактарга тамактандыруу, медициналык мекемелерде шарттарды түзүү боюнча бардык маселелерди чечүү тапшырылды. Жарандар бул вирусту жеңүүгө күч берчүдөй туура тамактануулары керек", - деген Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
HHFRU
2020-07-04 21:47:40
Жакшы кабар, иштериңерге ийгилик болуп, оруу тезирээк кетсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан