Кадырыңан кагылайын дарыгер! Ак халатчандардын көзгө жаш айланткан сүрөттөрү

Дүйнөнүн туш тарабына тараган коронавирус дарыгерлердин эмгегинин маанилүүлүгүн сездирип жатат. Интернет желелерине уйкусунан кечип, өмүрүн тобокелге салып иштеген ак халатчандардын сүрөттөрү жарыяланууда. Арийне, буга чейин да баа жеткис өмүрдү сактап калган медиктер тоодой эмгектерди жасап келишкен. Биз ушул тапта өмүр сакчыларына дем күч болсун деп алардын эң таасирдүү сүрөттөрүн топтодук.

28 саат иштеген кытайлык хирург коридорго сулк жыгылып уктаган

Бул сүрөт 2017-жылы Кытайдын Аньхой провинциясындагы ооруканада тартылганын бир катар басылмалар жазып чыгышкан. Коридордо уктап жаткан Ли Хенг аттуу хирург, ал бейтаптарга катары менен 5 операция жасаган. Бул үчүн 28 саат иштөөгө туура келген. Ли Хенг үйүнө жетүүгө күчү жетпей, ооруканада коридордо уктап калган. Анын бул сүрөтү ошол жылы дүйнөгө тарап, алкышка ээ болгон.

Өмүр сакчыларына көз карашты бүтүндөй өзгөрткөн сүрөт. Польша, 1987-жыл.

Деталдарга өтө бай, көп маанини камтыган, мазмундуу бул сүрөттү сиз буга чейин деле көргөн чыгарсыз. Сүрөт 1987-жылы тартылган. Польшалык хирург Збигнев Релига биринчи жолу жүрөк алмаштыруу боюнча бейтапка 23 сааттык операция жасаган. Анда 23 сааттык операциядан кийин Збигнев көз ирмебей бейтаптын жүрөгүнүн согушун карап отурган. Медициналык каражаттар, кан, бир нече түтүк, койкада бейтап, артта хирургдун жардамчысынын полдо уктап отурганы... Ак халатчандарга болгон көз карашты өзгөртүүгө олуттуу салым кошкон сүрөт. Збигнев Польшада жүрөк алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасаган хирург, анын бул операциясы 100 пайызга ийгиликтүү өткөн. Төмөндө ошол бейтап - Тадеуш Жуткевичтин сүрөтү.

Тадеуш Жуткевич бул операциядан кийин 30 жыл жашаган. 2017-жылы 91 жашында көз жумган. Көпчүлүктүн өмүрүнө өмүр кошууга себепкер болгон Збигнев Релига 2009-жылы 70 жашында каза болгон. Бирок ал алмаштырган жүрөктөр согуп жүрөт...

Дене бойду тер басып, 32 сааттык операцияны жасаган дарыгерлердин окуясы

Кытайдын Фуцзян провинциясындагы оорукананын дарыгерлеринин таасирдүү сүрөттөрү 2014-жылы социалдык тармакка тараган болчу. Анда 3 хирургдун полдо эс алып жатканы тартылган. Алардын жанында операция учурунда пайдаланылган медициналык каражаттардын таштандыларына толгон чака.

Алар бир нече шишиги менен келген бейтапка 6 түрдүү операция жасашкан. Бейтапты аман алып калуу үчүн 3 хирург, 6 анестезиолог 8 аппарат менен 32 саат иштешкен. Тактап айтканда, 21-июнь күнү эртең мененки саат 9да башталган операция 22-июнда саат 17:00дө бүткөн.

"Бейтаптын жүрөгү чейрек саатка токтоп калды, бирок биздин аракетибиз менен бейтап тирүү калды, мээнетибиз ошого тете болду", - деген дарыгерлердин бири. Алардын аянычтуу бул сүрөтү ак халатчандардын кадырын көтөрдү.

Дарыгерлердин күчүн, чачын, уйкусун, өмүрүн алган Ухан вирусу

Коронавирус эң алгач Кытайдын Ухан шаарынан чыкканы белгилүү. Тез арада шамалдай бат жайылган инфекция ак халатчандардын шаштысын алды. Жалпысынан аталган шаарда вирус менен күрөшүүгө 8 миңден ашык дарыгер күч жумшады. Алар жетишсиз болчу, мындан улам дааратканага барбай такма жалаяк менен отруганы маалымдалган. Вирустун алдын алуу үчүн, иштөөгө оңой болушу үчүн чачтарын кырышкан. Уйку дээрлик азайып, бир канчасы өмүрү менен коштошту. Өмүр үчүн күрөшкөндөрдүн сүрөтү таасирлентпей койбойт.

Италия. Дарыгерлер сакталбай калган өмүрлөр үчүн көз жаш төгүүдө

Коронавирустан каза болгондордун саны боюнча дүйнөлүк тизменин сап башына Италия чыкты. Анда каза болгондордун саны 26-март саат 23:40та алынган статистика боюнча, 8 миң 165ке жетти. Буга ылайык, ак халатчандарга оор жүк түшүп турган чак. Италиянын Бергамо шаарындагы хирург Даниэле Маккини: "Бизде азыр уролог, терапевт, ортопед дегендер жок, баары бул тумоо менен алышкан врачтар. График дегенди унуттук, оорукананын ичинен ыйлап бара жаткан толтура медицина кызматкерлерин көрүп жатам. Алар сакталбай калган өмүрлөр үчүн ыйлап жатышат", - деп жазган.
Якутия: Кулаган учактагы бардык жүргүнчүлөр аман калып, дарыгерлер сыйланган
Бул сүрөт 2016-жылы 19-декабрда Якутияда тартылган. Бул күнү Орусиянын куралдуу күчтөрүнө тийиштүү болгон учак 39 жүргүнчү менен кулаган. 6 адам өтө оор абалда, 28 киши оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал учурда оорукана кызматкерлери уйку көрбөй иштешкен. Бактыга жараша бардык жүргүнчүлөр аман-соо ооруканадан чыгышкан. Дарыгерлердин бул эмгеги эрдик деп бааланып, сыйлыктар тапшырылган.
Биздин өлкөдө коронавирус катталган жерлерде иштеген дарыгерлердин сүрөттөрү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
suluktu
2020-03-27 14:07:01
Ден-соолук берсин Аллах ак халатчандарга!
+14
iryi1
2020-03-27 14:28:27
Ооо жараткан Тенирим силерге ден соолук берсин.
-5
jasgul
2020-03-27 14:29:17
куч кубат берсин ылайым силерге. Кыргыз элинин атынан алкыш. Өзүнөрдү сактагыла, Кудайым буюрса женип чыгабыз
+17
bekbolotabdirasulov
2020-03-27 15:40:20
чынын да ыйлагым келди молоцы...
алкыш сиздерге...
+7
cyrus
2020-03-27 15:45:11
Мынаке чыныгы супергеройлор
+8
Ernees
2020-03-27 15:50:52
ОО Кудай рахмат доктурларга. Карангы болбой илимдуу билимдуу элдерден болсок экен !
+8
Aitunuk
2020-03-27 19:03:42
Азаматтар. Артты карай кетип медресеге, Меккеге чуркабай, алдыга умтулуу зарыл экенин бул алаамат далилдеп койду окшойт. Зыяраттан таап келген "пайдалары, сооптору" боком чыгып отурат, өзүлөрү эле эмес, жакындарына да түйшук алып келишти.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан