Кытайдын Саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитети 3-февралга карата коронавирус менен жабыркагандардын санын жарыялады. Ага ылайык, 20 миң 438 адамда вирустун белгилери аныкталса, 425 өлүм катталды.
Муну менен бир сутка аралыгында ооругандар 3 миң 235 адамга көбөйсө, 64 адам көз жумду. Каза болгондордун жана ооругандардын баары Хубэй провинциясында катталды.