Жамбыл облусундагы коронавирус аныкталган кыз Кыргыз өлкөсүнөн барган

Бүгүн, 27-мартта Жамбыл облусунда коронавирус жуктургандардын саны 3кө жеткени маалым болду. Вирусту жуктурган жаран Кыргыз өлкөсүнөн барганын казак маалымат булактары жазып жатышат.

Анда вирус жуктурган кыз Кордай районунун 1996-жылы туулган жараны экени айтылат. Ал 24-мартта карантиндик стационарга жаткырылган. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы жаранда коронавирус инфекциясы бар экенин көрсөткөн.

"Бейтап инфекциялык ооруканага жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок жана коронавирустун башка белгилери жок. Коронавирус инфекциясын диагностикалоо жана дарылоо бекитилген протоколго ылайык жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жаранга байланыштардын чөйрөсү түзүлүп, карантинге алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
katerina.li
2020-03-27 12:01:36
Ааа жаман болуптур. Анда чуйдо да бар окшойт да ээ. Кордайга Бишкек тен баргандыр да
+3
aydinnur
2020-03-27 12:07:09
Бизде деле жалпы тест алып баштаса,кудай эле сактасын эмне болоорун..
+4
Samatalibei
2020-03-27 12:17:36
Ар жактан эле чыгып жаман кабарлар кобойду! Кудай сактасын эчким оорубасын.
+4
Kitep
2020-03-27 20:51:25
Мумкун,башка жактан бишкекке учуп анан кордайга кеткендир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан