Орусияда каза болгон дагы эки Кыргыз жаранынын сөөгү Кыргыз өлкөсүнө бүгүн, 14-апрелде жиберилди. Маркум жарандардын сөөктөрү унаанын үстүнө жүктөлгөн.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн акыйкатчысынын Москва облусу жана Москва шаары боюнча өкүлү, "Жалал-Абад" коомдук бирикмесинин төрагасы Улан Кошматов буларды айтып берди.
"Албетте, мекенине сөөгү кеткен маркумдардын аты-жөнү купуя сакталат. Үч-төрт күндөн бери каза болгондордун сөөгүн мекенибизге жөнөтүп жатабыз. Биринчи каттам Жалал-Абад жергесине кеткен. Кудайга шүгүр, ал каттам көздөгөн дарекке жетти. Ал эми жолдо олуттуу көйгөйлөр жаралып калса, элчилик менен байланышып, чечип жатабыз. Ал эми сөөк кетип жаткан унаага айдоочу, анын жанында бир коштогон киши болсун деп талап койгон элек. Бирок алар бизден ары кеткенден кийин адам салып алган учурлар дагы болууда. Анткени айдоочулар салып алган жарандарды чек арага жеткенде түшүрүп койгон учурлар болуп жатат. Мындай окуя кечээ эле катталды.
"Койгула сөөк кетип жатканына сүйүнгүлө, айдоочу, коштоочу эле болсун деп айтсак деле кээ бирөөлөрү кыргызчылык кылып жатышат. Кырсык айттырбай келет, бири көп кабаттуу үйдөн түшүп кетиши мүмкүн, бири ооруканадан ажал табат жана башка. Ал эми маркумдардын сөөгүн Москва-Бишкек, Москва-Ош каттамдарынын айдоочуларына бензиниңерди куюп беребиз, жардам кылгыла деп суранып, салып жиберип жатабыз.
Анткени унаа буйрутма кылып, маркумдун сөөгүн жеткирүү өтө көп акча кетет экен. Каражат чамалуу болгонуна байланыштуу балдардын колуна көп болбосо дагы, бир аз акча карматып бензинин куюп узатып жатабыз", - деди Улан Кошматов.