Түркмөнстанда коронавирус тууралуу сүйлөшкөн жарандар кармалууда

Түркмөнстанда жарандарга коронавирус тууралуу сүйлөшүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, автобустарда, аялдамаларда атайын адамдар элдин эмне жөнүндө сөз кылып жатканына кулак салып, коронавирус тууралуу сүйлөгөндөрдү кармап кетип жатышат.

"Кармалган адамдарга кандай жаза колдонулат жана аларды эмне күтөт белгисиз. Мындай чараларды колдонуу менен бийлик эл ичиндеги ызы-чуунун чыкпашынын камылгасын көрүп жатат. Акыркы апта ичинде коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Расмий маалыматтарга таянсак, азыркы тапта Түркмөнстанда коронавирус менен ооругандар каттала элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nur777
2020-03-27 17:19:09
Катталса деле айтышпайт алар,закрытая страна...
+10
Milduri
2020-03-27 17:26:17
Түркмөнстанда катталса керек бирок бийликтин күчү менен айтылбай ататко, аларда Сталиндик же Түндүк Кореядагыдай режимго.
+9
Jelezo
2020-03-27 18:21:15
Өзү карантин убагында бизде деле интернети өчүрүп салса болмок эл ызы чуу болбой үйдө бала чакасы менен сүйлөшүп отурушмак.Азыр көрүнгөн бурчта короновирус деп телефонду аңдып отуруп жүрөгү ооругандар көбөйүүдө.
+2
Mintip-menu-suybo
2020-03-28 09:31:15
Интернет очсо билесинерби не болот... Жок дегенде ушу менен алаксып туралы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан