Ошто куткаруучу жаңы дезинфекция системин ойлоп тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ош шаары боюнча башкармалыгынын №29 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучусу, сержант Аяз Төрөмурзаев коронавирус илдетинин өлкө аймагына жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында күн сайын дезинфекциялоо иштерине катышкан. Аяз өзү жооптуу болгон санитардык блокпостко кызмат өтөп жаткан учурунда жумушту жеңилдетип, убакытты сарамжалдап жана куткаруучулардын коопсуздугу үчүн жаңы дезинфекциялоочу системди иштеп чыкты. Учурда дезинфекциялоочу систем Ош шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан "Арка" санитардык-карантиндик постунда орнотулду.
Эскертке кетсек, аталган посттон сутка ичинде кеминде 5000ден ашуун автоунаалар өтөт", - деп жазылат маалыматта.