UFC уюмунун президенти Дана Уайт ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегор менен дүйнө элин чочулатып турган коронавирус оорусу тууралуу жана 18-апрелде боло турган UFC 249 турнири жөнүндө талкуулаганын америкалык "Barstool Sports" басылмасына билдирген.
"Биз Конор экөөбүз UFC 249 турнири тууралуу гана эмес, коронавирус жөнүндө жана дүйнөдө болуп жаткан акыркы кабарлар тууралуу сүйлөштүк. Конор мага Хабиб Тониге утулуп калса, анда Тони менен беттешкиси келерин айтты. Ал курду алып, кыска убакыттын ичинде чоң бийиктиктерди багындыргысы келип жатат", - деп билдирген Дана Уайт.
Буга чейин Дана Уайт Нурмагомедов-Фергюсон беттеши сөзсүз боло тургандыгын, бул беттешти өткөргөнгө жер тапканын жана беттеш көрүүчүлөрсүз өтө тургандыгын билдирген.