Бир сутка ичинде медициналык 4 кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова айтты. Алардын ичинен:
• Бишкек шаары – 1;
• Чүй облусунда – 2;
• Ош облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган медициналык кызматкерлердин саны – 195, алардын ичинен 105 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан.