Биз социалдык тармакта

Белгилүү футболчу Роналдиньо коронавирус жуктуруп алды

Италиянын "Милан" футболдук клубунун бразилиялык мурдагы чабуулчусу Роналдиньо коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу футболчу өзү билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мен Белу-Оризонти шаарына ишемби күнү Auto Truck иш-чарасына катышуу үчүн келгем. Уюштуруучулардын суранычы менен тесттен өттүм. Менден инфекция аныкталды. Оору симптомсуз өтүп жатат жана абалым жакшы. Бирок мен иш-чараны таштап кеткенге аргасызмын. Баарыңыздарды кучактайм​", - деп билдирген Роналдиньо.

Роналдиньо март айында бир тууган агасы менен бирге жасалма паспорт колдонгон деген шек менен Парагвайдан кармалган. Кийинчерээк алар 1 миллион 600 миң евро күрөө менен бошотулган. 25-августта Парагвай соту Роналдиньону бошотуу жана ага коюлган бардык айыптарды алып салуу чечимин чыгарганы белгилүү болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан