Орусияда коронавируска каршы дары иштелип чыкты

Орусиянын Федералдык медицина-биологиялык агенттиги коронавирус инфекциясын дарылай турчу дары тапканын билдиришти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, илимий-өндүрүүчү борбор кытай жана француз тажрыйбаларына таянып, коронавирус инфекциясын дарылай турчу дарыны безгекке каршы колдонулуучу мефлохиндин негизинде иштеп чыккан.
"Макролиддик антибиотиктер менен синтетикалык пенициллиндин кошулушу бактериялык-вирустук синдромдун кайрадан жанданышына бөгөт коёт, ошондой эле кандын плазмасындагы жана өпкөдөгү вируска каршы каражаттардын концентрациясын күчөтөт. Бул ар кандай деңгээлдеги коронавируска кабылган адамды дарылоого жол ачат", - деп жазылган маалыматта.
Мындан тышкары мефлохиндин негизинде коронавирустун алдын алуу үчүн натыйжалуу жана зыяны жок схема иштелип чыгууда.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
ZUXRIDDIN20
2020-03-29 09:12:48
Ушул чыгарган даарысы оорулууларга оң таасир көрсөтүп тезирээк эле жашоо өз калыбына келсе экен
+24
mirkaa5182
2020-03-29 09:25:14
жакшы жаңылык, даарысы даба болуп сакайып кетишсин.
+20
ZUXRIDDIN20
2020-03-29 09:27:37
Ошо Путин бекеринен мактанбаптыр. 2 айда кутулабыз деп жаттылего
+16
Krai
2020-03-29 09:31:25
Жакшы жакшы айланайын эң сонун жаңылык
+12
didu
2020-03-29 09:42:56
ОЗУ Путин кыйында
+12
NURSAPAR
2020-03-29 09:54:43
Эң жакшы болуптур. Баары бир койдун майынан өтөрү жок☺☺☺☺
+9
bekhaliev
2020-03-29 09:56:25
Вачач вачааач, ырда десен ырдайн бекер карап турбайн, нанананана
+17
Alia82
2020-03-29 10:01:46
Кудайдын кулагы суйунсун, Аллага шугур, сонун болуптур, эми чекеден айыгып кетишсин баардыгы Кудайым шыпаасын берип
+12
murat17
2020-03-29 10:17:53
бизнес башталды окендер миллиарддаган пайдаларды корот эми
-8
urmat94
2020-03-29 10:40:57
murat17,байый берсин алардын арасында бизда байып алабыз
+6
AksyKum
2020-03-29 11:35:11
murat17,колундан келсе сен иштеп чыгып байыбайт белен
+6
Makkambaev97
2020-03-29 20:32:15
murat17,колундан келсе бизнес ач
0
Samatalibei
2020-03-29 10:41:22
Жакшы жаңылык, ооругандар укса өздөрүнө келе түшөт экен да.
+11
Ruslan-Gaparov
2020-03-29 11:08:38
Е кудай ушул чын болсун тезирак жок болуп кетсинчи атын очкур вирус
+12
satyke
2020-03-29 11:59:54
Эгер РФтин вирусологдору мефлохин берген побочный эффектери жок препарат жасай алышканы чын болсо анда жакшы кабар экен.
+3
Mirnar
2020-03-29 13:25:41
Дарысын тапса, эртерек ооругандарга берип айыктырышса экен.
+4
Saidochka
2020-03-29 14:54:16
Бул дары эми дароо эле колдонууга берилет бекен, же дагы аны текшериш керек, ага мынча убакыт кетет, анан дагы мынча убактан кийин колдонууга берилет дей турган болсо, дагы күтүүгө туура келип калат да,...
0
admin_portal
2020-03-29 23:02:55
murat17, жеке айтышууларга, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан