Казакстанда коронавирус менен жабыркагандардын бири банк кызматкери экени айтылды

Казакстанда учурда 9 жаран коронавирус менен жабыркап жатат. Алардын бири "Halyk Bank`тын" кеңеш берүү бөлүмүнүн кызматкери экенин аталган банктын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришкен.

"Коронавирус менен жабыркап жаткандардын бири биздин кызматкер экенин коомчулукка маалымдап коюуну зарыл деп эсептейбиз. Биздин кызматкер кардарларга кеңеш берүү кызматында иштеп келген. Учурда аны менен байланышта болгон, чогуу иштеген банктын кызматкерлери карантинге алынды. Ал эми мекемебиз дезинфекцияланып жатат", - деп жазылат банктын билдирүүсүндө.

13-мартта Казакстанда коронавирус менен жабыркагандар катталып, 4 жаран карантинде экендиги кабарланган.
15-мартка карата Казакстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 9га жетти. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, өзгөчө кырдаал 16-мартта күчүнө кирип 15-апрелге чейин созулары кабарланды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан