Бүгүн, 28-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус биринчи жолу катталгандан бери 10 күн, илдет аныкталган аймактарда өзгөчө абал киргенден бери 3 күн өттү.
Бул 10 күн аралыгында 8 жолу коронавирус жуктуруп алгандар тууралуу маалымат алдык. Эң көп илдетти жуктуруп алганы аныкталган күн 24-март болуп калды.
Жаш курагына келсек, коронавирус менен ооруп жаткандардын эң кичүүсү 1 жашка да чыга элек ымыркай, ал эми эң улуусу 86 жашта. Район боюнча Сузак, облус боюнча Ош алдыда. Ал эми илдетке чалдыккандардын 34ү умарадан келсе, 21и зыяратчылардан жуктуруп алгандар болуп саналат. Калган үчөөнүн бири Франциядан, бири Дубайдан, бири Испаниядан келген жарандан жуктуруп алган адам.
Катталган күнү |
Канча адам аныкталды? |
Жаш курагы |
Аймагы |
Илдетти жуктуруп алган жолу
|
18-март |
3 адам |
46, 62, 70 жашта |
Жалал-Абад облусуна караштуу |
Сырттан. |
20-март |
3 адам |
67, 71, 77 жашта |
Ош облусуна караштуу Ноокат району |
Сырттан. |
21-март |
6 адам |
45-70 жаш аралыгы |
Сузак району (5), Баткен району (1) |
Сырттан. |
21-март |
2 адам |
24, 26 жашта |
Бишкек шаары |
Сырттан. |
23-март |
2 адам |
60 жаштагылар |
Ноокат району |
Сырттан. |
24-март |
26 адам |
1 жашка чыга элек ымыркайдан тартып 86 жашка чейин |
Сузак району (9), |
Сырттан жана сырттан келгендер менен байланышта болгондор. |
25-март |
2 адам |
35 жашта, 60 жашта |
Бишкек шаары, |
Сырттан жана сырттан келген менен байланышта болгон. |
27-март |
14 адам |
(маалымат такталган соң толукталат) |
Сузак району (7) |
Сырттан жана сырттан келгендер менен байланышта болгондор. |