Орусиянын инфекционист дарыгери Николай Малышев эркектердин коронавируска көбүрөөк чалдыгышынын себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу ал орусиялык маалымат булактарынын бирине маек берип жатып билдирген.
Анын айтымында, инфекцияга эркектер аялдарга салыштырмалуу көбүрөөк кабылышат.
"Бул көрүнүштүн себеби, биринчи кезекте эркектердин тамеки тартуу жана алкоголдук ичимдиктерди ичүү сыяктуу жаман адаттарына байланыштуу. Албетте, бул кадамдар эркектердин саламаттыгына доо кетирген негизги фактор", - деп билдирген дарыгер.
Малышев белгилегендей, эркектер табигый мүнөздөмөлөрү боюнча аялдарга караганда жагымсыз тышкы жашоо шарттарына аз туруштук беришет. Ошондуктан алар көп оорушат.
Апрелдин аягында Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги аялдарга караганда эркектер коронавируска көбүрөөк чалдыга турганын билдирген. Изилдөөнүн жыйынтыгында инфекцияны жуктуруп алгандардын 60 пайызын эркектер, 40 пайызын аялдар түзгөнү анык болгон.
Ал эми Кыргыз өлкөсүндө акыркы маалыматка ылайык, оору жугузгандардын саны 895. Илдеттен 637 адам айыгып, 12 адам каза болду. Катталган 895 жарандын 478и аял киши болсо, 417си эркек киши.