Бүгүн, 28-март күнү Кыргыз өлкөсүндөгү эпидемиологиялык абал тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча жыйын берди.
"Медициналык кызматкерлердин айлык акысы боюнча дарыгерлер буга чейин алып келген айлыгынан сырткары 46 миң 360 сом, орто билимдүү медициналык персоналдар 41 миң 885 сом жана техникалык кызматкерлер 39 миң 160 сом колго алышат. Коронавирус менен ооруган бейтаптарды караган медицина кызматкерлери 14 күн иштеп, 14 күн карантинде болушат. Алардын коргоочу кийимдери да жакшы каралууда", - дейт Мамбетов.