28-мартка карата COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 598 миң 236 адамга жетти. Кытайдан чыккан бул вирус дүйнөнүн 199 мамлекетинде аныкталды. Италия, Испания, АКШ, Иран пандемиядан эң көп жабыркаган мамлекеттердин катарында.
Бирок учурда дүйнөнү Кытай менен чектешкен Монголия мамлекети таң калтырууда. Бул өлкөдө кытай улутундагы жашоочулар да көп. Ага карабастан бүгүнкү күндө Монголияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 10 гана адамды түзөт.
Окумуштуулар феномен деп атаган бул көрүнүштү Монголиянын борбору Улан-Батордо жашаган Розалия Антонова аттуу мугалим өлкөсүндө вирусту жуктуруп алгандар аз экенинин себебин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында түшүндүрүп берген.
Мугалимдин айтуусу боюнча, Монголия үч айдан бери карантин режиминде жашап келе жатат.
"Монголияда карантин 30-апрелге чейин деп жарыяланган. Бардык бала бакча, окуу жайлар жана мектептер жабылган. Көчөдө бет капсыз жүргөн бир да адамды көрбөйсүң, анткени медициналык бет кабы жок эч бир дүкөн же мекеме кардарды тейлебейт. Жадагалса өкмөт мүчөлөрү жыйындарды бет кап кийип алып өткөрүшүүдө. Ошондой эле телеберүүлөрдөгү дикторлор дагы жаңылыктарды бет кап менен окушат. Жарандар карантиндин талаптарын жакшы аткаргандыктан, бүгүнкү күнгө чейин вирус жуктуруп алгандардын саны 10 адамдан аша элек. Алар дагы жергиликтүү тургундар эмес, чет мамлекеттен келгендер. Монголияда коронавирус менен ооруп жаткандар катуу көзөмөлгө алынган. Байланышта болгон бардык адамдар жана жуктургандар менен чогуу бир каттамда учуп келген бардык жүргүнчүлөр изоляцияга алынган", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Мындан ташкары Розалия Антонова карантин режиминин оң жактарын санап өткөн:
1. Жергиликтүү тургундардан вирус жуктуруп алгандар каттала элек;
2. Кичинекей балдар арасында ооругандар азайды;
З. Коомдо тамактануу маданияты пайда болду. Адамдар иммунитетти көтөргөн, пайдалуу азык-түлүктөрдү колдонуп, сууну көп иче башташты.
4. Кылмыштуулук жана автокырсыктар азайды, мас абалында унаа айдагандар катталбай калды;
5. Монгол элинин режимди аткарган тартиби, социалдык жоопкерчилиги жана биримдиги көп мамлекеттерди таң калтырууда. Бирок бул сапат монгол элинде Чыңгыз хандын доорунан бери калыптанган. Андыктан бул феноменди изилдөө үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан окумуштуулар жана журналисттер келип жатышат. Алар эмне себептен жергиликтүү калк арасында вирусту жуктургандар жок экенин билгиси келет;
6. Биздин өкмөт башка мамлекеттерден келе албай калган жарандарын атайын рейс менен алып келүүдө: өкмөт жана дарыгерлерге нааразы болуп жүргөндөр алардын ишин баалай баштады;
7. Карантин үй-бүлөлөрдү бириктирди. Ата-энелер балдарына көбүрөөк көңүл буруп, алар менен бирге үй тапшырмаларын жасаша баштады. Чыныгы адамдык баалуулуктар жогору коюла баштады.
Буга чейин Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга өз каалоосу менен 14 күндүк карантинге кеткени маалым.