"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан сутка ичинде 7 миңден ашык адам каза болду

Бүгүн, 22-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 22 миллион 864 миң 873 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 14 миллион 636 миң 583 бейтап айыгып чыкса, 797 миң 787 (+7272) адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 621 миң 35 адамдан коронавирус аныкталды. 175 миң 350 адам каза болсо, 1 миллион 965 миң 56 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 3 миллион 532 миң 330 адамдан аныкталды. 113 миң 358 адам каза болсо, 2 миллион 855 миң 558 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 905 миң 825 адам вируска кабылган. 54 миң 849 бейтап көз жумса, 2 миллион 158 миң 946 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан